03:37, 2-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
16:35, 1-апрель, 2026 (3 адам окуп жатат)
Ысык-Көлдө жерге белгисиз нерселер түштү
11:29, 31-март, 2026 (1 адам окуп жатат)
Нарынга жаңы мэр дайындалды
09:55, 1-апрель, 2026 (1 адам окуп жатат)
Крымда Ан-26 учагы кулап, 29 адам каза болду

УКМК 19 медресени текшерип, үчөө жабылды

На русском
15:18, 1-апрель, 2026 338

АКИpress - Радикалдуу идеялардын жайылышына, жашы жете элек балдарды азгырууга жана ченемдик укук бузууларга жол бербөө максатында 19 диний окуу жайы текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу 1-апрелде УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйынтыгында зарыл болгон уруксат кагаздары жок болгондуктан 3 медресе жабылды. Аталган окуу жайлардын жетекчилерине карата тергөө иштери башталды.

Ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди бузгандыгы үчүн 2 медресеге айып пул салынып, иши убактылуу токтотулду. 4 медресеге кемчиликтерди жоюу зарылчылыгы жөнүндө эскертүү берилди.

Расмий маалымат боюнча, айрым медреселердеги диний адабияттар тийиштүү текшерүүдөн өткөн эмес. Буга байланыштуу алар Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан текшерүүгө жана ырастоого жөнөтүлдү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»