АКИpress - Радикалдуу идеялардын жайылышына, жашы жете элек балдарды азгырууга жана ченемдик укук бузууларга жол бербөө максатында 19 диний окуу жайы текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу 1-апрелде УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйынтыгында зарыл болгон уруксат кагаздары жок болгондуктан 3 медресе жабылды. Аталган окуу жайлардын жетекчилерине карата тергөө иштери башталды.
Ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди бузгандыгы үчүн 2 медресеге айып пул салынып, иши убактылуу токтотулду. 4 медресеге кемчиликтерди жоюу зарылчылыгы жөнүндө эскертүү берилди.
Расмий маалымат боюнча, айрым медреселердеги диний адабияттар тийиштүү текшерүүдөн өткөн эмес. Буга байланыштуу алар Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан текшерүүгө жана ырастоого жөнөтүлдү.