21:41, 1-апрель, 2026

Улан-Батордо Манас көчөсү пайда болот

На русском
14:53, 1-апрель, 2026 172

АКИpress - Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Моңголиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Содном Ганхуяг менен жолукту.

Тараптар кыргыз-моңгол кызматташтыгынын муниципалдык деңгээлдеги учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Содном Ганхуяг акыркы эки жылда Бишкек шаарынын ыкчам өнүгүп жатканын белгилеп, пландалган долбоорлорду ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Мындан тышкары ал Улан-Батор шаарында көчөлөрдүн бирине Манастын ысымын берүү пландалып жатканын билдирди.

Моңголия Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү өнөктөш экени, ал эми Бишкек менен Улан-Батор шаарларынын ортосундагы кызматташтык муниципалдык деңгээлде өнүгүп жатканы белгиленди.

Эки өлкөнүн тарыхый-маданий жакындыгынын далили катары борбор калаадагы көчөлөр менен тилкелердин аталыштары, анын ичинде Дамдин Сухэ-Батор атындагы көчө, ошондой эле Моңгол жана Дархан тилкеси мисал катары келтирилди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»