АКИpress - Кыргызстандык спортчу Фарида Абдуева (7-1) «UFC» менен келишим түзүү мүмкүнчүлүгү үчүн беттешет.
Ал «Road to UFC» долбоорунун бешинчи сезонуна катышат.
Абдуева 57 кг чейинки салмакта күрөшөт, учурда бул категорияга 7 спортчу катталган.
Кыргызстандыктын алгачкы атаандашы али аныктала элек.