АКИpress - Курал-жаракты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
19-мартта ыкчам кызматкерлерге Кемин районунун Сасык-Булак айылынан жогору тоолуу аймактагы кашарларда курал-жарак катылганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча катталган.
Тергөөнүн алкагында ал жерде жашаган жарандардын тек-жайы такталып, тинтүү учурунда 1994-жылы туулган С.Э. аттуу жарандан «ТОЗ-8» сайлуу ок атуучу куралы жана 70 даана огу, ошондой эле «ИЖ-16», «ИЖ-28» жана «ИЖ-32» үлгүсүндөгү 3 мылтык жана 42 даана ок, 1986-жылы туулган Т.Р. аттуу жарандан 7,62 мм калибрдеги сайлуу куралдын 7 даана огу, «Мосин» системасындагы 7,62 мм калибрдеги сайлуу курал, «ИЖ-16» жылмакай стволдуу куралы жана анын 32 даана огу, 1977-жылы туулган М.Н. аттуу жарандан «ИЖ-56-Белка» үлгүсүндөгү айкалышкан ок атуучу курал табылган.
«Кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлдү», - деп жазылган маалыматта.