21:14, 1-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
16:35, 1-апрель, 2026 (20 адам окуп жатат)
Ысык-Көлдө жерге белгисиз нерселер түштү

Түркия жана Швеция футбол боюнча дүйнө чемпионатына жолдомо алышты

На русском
13:08, 1-апрель, 2026 280

АКИpress - 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына дагы эки катышуучу аныкталды.

1-апрелге караган түнү Европадагы тандоо турунун плей-офф оюндары өттү.

Приштинадагы «Фадил Вокрри» стадионунда Косово жана Түркия курама командалары дүйнө чемпионаты үчүн ат салышты.

53-мүнөттө түрктөр киргизген жалгыз гол беттештин тагдырын чечти. Аны Стамбулдук «Фенербахченин» оюнчусу Керем Актүркоулу киргизди.

Түркия жеңишке жетишип, ушул жайда АКШ, Мексика жана Канадада өтүүчү дүйнө чемпионатынын финалдык баскычына жолдомо алды.

Түрктөр АКШ, Парагвай жана Австралия командалары менен D тайпасына түштү.

Сольна шаарында дагы бир мундиаль жолдомосу үчүн Швеция менен Польша ойноду. Үй ээлери эки жолу алдыга чыгышты, бирок поляктар эки жолу тең эсеп сапты теңдешти – 2:2.

Ал эми 88-мүнөттө Виктор Дьёкереш киргизген голго Польша курамасы жооп кайтара алган жок.

Швеция 3:2 эсебинде жеңип, дүйнө чемпионатынын финалына жолдомо алды.

Шведдер Голландия, Япония жана Тунис менен бир тайпага туш болушту.

Босния жана Герцеговина - Италия жана Чехия - Дания беттештери негизги убакытта 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Мындан улам кошумча оюн ойнолот.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»