02:16, 2-апрель, 2026

Жарыктандырылган оргума, жашыл шибер: Бишкектеги Эмен сейил багы кандай жаңыланат?

На русском
18:29, 1-апрель, 2026 243

АКИpress - Кийинки аптадан тарта Бишкектеги Эмен сейил багында реконструкциялоо иштери башталат.

Биринчи май районунун акиминин орун басары Азиз Байысов «АКИpress» агенттигине сейил бактын жалпы аянты 3,6 га түзөрүн билдирди. Анын ичинен тротуар бөлүгү 9,5 миң чарчы метрди, ал эми жашыл шибер бөлүгү 26,5 миң чарчы метрди ээлейт.

Анын айтымында, реконструкциялоо тротуар да, шибер да эскирген абалга келгендигине байланыштуу пландалууда. Бетон төшөмөлөрдү, асфальт төшөмөлөрүн жана эски таш таманды алмаштыруу каралган. Жаңы таш тамандар төшөлөт.

Мындан тышкары, жердин шибер өскөн бөлүгүнүн деңгээлин төмөндөтүп, андан соң сугат тутумун орнотуп, жаңысын себүү пландалууда.

Азиз Байысов реконструкция учурунда бак-дарактарды кыюу каралбаганын белгиледи.

«Тескерисинче, кошумча жаңы бак-дарактарды отургузуп, жашыл аянттарды кеңейтүү пландалууда», - деп баса белгиледи ал.

Ошондой эле, сейил бактын борбордук бөлүгүндө жайгашкан оргума жаңыртылат. Анын тегерегиндеги гранит плиталар оңдолуп, оргума жарыктандыруу тутуму менен жабдылат.

«Сейил бактын аймагында тарыхый монументтер жана көптөгөн маданий объекттер жайгашкан. Алар мурдагыдай эле сакталат», - деп кошумчалады акимдин орун басары.

Анын айтымында, өткөн жылы «Бишкек жарык» муниципалдык ишканасы тарабынан Эмен сейил багынын батыш бөлүгүндө жайгашкан өкмөт скверинин реконструкциялоо алкагында жаңы жарык берүүчү мамылар орнотулган.

Мындан тышкары, сейил бактын түндүк-чыгыш бөлүгүндөгү экинчи оргума жайгашкан аймакты жаңыртуу пландалууда – анын тегерегине шаардыктар эс алуусу үчүн отургучтар орнотулат.

Реконструкция учурунда сейил бак эки бөлүккө бөлүнөт: бири кызыл таш таман менен, экинчиси башка түстөгү твш таман менен жасалат. Бардык эски отургучтар жаңыларына алмаштырылып, алардын саны көбөйөт.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»