22:17, 1-апрель, 2026

Мурдагы депутат Кундузбек Сулайманов кармалды

На русском
12:20, 1-апрель, 2026 3596

АКИpress - Камбар-Ата-1 ГЭСи долбоорун ишке ашыруу учурундагы мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тергөө иш-чараларынын натыйжасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.К.К. жана подрядчы уюмдардын жетекчилери М.А. жана А.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«С.К.К. кызматтык ыйгарым укуктарын пайдаланып, жеке компаниянын кызыкчылыктарына колдоо көрсөтүүнү уюштурган. Буга чейин Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын адистери тарабынан «Нарын ГЭСи» ААК жана подряддык уюмдар тарабынан иштердин көлөмүн негизсиз көбөйтүү аркылуу мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган», - дейт УКМК.

Сүрөткө караганда Кундузбек Сулайманов тууралуу сөз болуп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»