19:00, 1-апрель, 2026

Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу Сузакта 47 үй бузулмай болду, - депутат

На русском
12:06, 1-апрель, 2026 424

АКИpress - Депутат Алтынбек Кылычбаев бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу Сузак районунун Багыш айылында 47 турак үйдү бузуу чечими кабыл алынганын билдирди.

Анын айтымында, үйлөрдүн ээлерине кенемте берүү маселеси азырынча чечиле элек.

Депутат баалоо комиссиясы жерине барып, бирок чечим чыгарбаганын маалымдады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»