19:00, 1-апрель, 2026

15 жылдан бери 120дан ашык үй-бүлө үйүн ала албай келет, - депутат

На русском
11:37, 1-апрель, 2026 347

АКИpress - Депутат Элвира Сурабалдиева бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Байтик баатыр—Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйгө байланыштуу үлүштүк курулуштун катышуучулары кайрылганын билдирди.

Анын айтымында, үй «Мастер Групп» компаниясы тарабынан курулган.

Депутат 15 жылдан ашык убакыттан бери 120дан ашык үй-бүлө үйүн ала албай, сарптаган акчаларын да кайтарып ала албай жатканын билдирди.

Депутат бул жагдай үчүн эч ким жоопко тартылбаганын белгиледи.

Сурабалдиева Бишкек шаарынын мэриясынан жана Курулуш министрлигинен үлүштүк курулуштун катышуучуларынын көйгөйүн тез арада чечүүнү суранды.

Маалымат үчүн:

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Мастер Групп» компаниясынын уюштуруучусу жана жетекчиси – Сүйүндүк уулу Айбек. Курулуш компаниясы 2021-жылы түзүлгөн, 2025-жылдын 20-июнунда Юстиция министрлигинде кайра каттоодон өткөн. Аталган тилкеде 19 кабаттуу имарат курулуп жатат, бирок учурда курулуш токтоп турат.

 

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»