16:50, 1-апрель, 2026

Гараждар алынып, жашыл аймак боло турган жерлерде курулуштар жүрүүдө, - депутат

На русском
11:28, 1-апрель, 2026 327

АКИpress - Депутат Гүлнара Акимбаева бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда Бишкекте мурда жашыл аймак пландалган эски гараждардын ордунда курулуш иштери жүрүп жатканын айтты. 

«"Жасмин" кафесин бузуу маселеси боюнча анын ээси кайрылып, бул объектти мамлекетке өткөрүп берүүгө даяр экенин жана 6 ай мөөнөткө жылдырууну суранып жатат. Мындай иштер насыясы жана башка милдеттенмелери бар ишкерлердин укуктарын коргоону эске алуу менен жүргүзүлүшү керек. Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынан Свердлов районундагы Аламүдүн-1 кичи районундагы каналдын жээгиндеги унаа токтотуучу жайларды демонтаждоо жана аймакты көрктөндүрүү маселелери боюнча тургундарга маалымат берүүнү жана негиздүү чечимдердин кабыл алынышын камсыз кылууну өтүнөм», - деди ал.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»