01:48, 2-апрель, 2026

Сокулукта 22 жаран мыйзамсыз жер алганы аныкталды

На русском
11:13, 1-апрель, 2026 352

АКИpress - Сокулук районунунда мыйзамсыз берилген жер тилкелер аныкталды, деп билдирди Башкы прокуратура.

Тактап айтканда Сокулук районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2021-жылы Манас айыл өкмөтүнө караштуу Семетей жаңы конушунда 0,88 гектарды түзгөн жер тилкеси 22 жаранга мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында баасы 45 млн 832 миң 283 сомду түзгөн жер тилкелер мамлекеттик менчикке кайтарылды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»