АКИpress - «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомундагы коррупция иши боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиев кармалды. Бул тууралуу 1-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Мамлекеттик салык кызматынын материалдарынын жана аудитордук текшерүүнүн негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат.