22:50, 1-апрель, 2026

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиев кармалды

На русском
11:12, 1-апрель, 2026 4430

АКИpress - «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомундагы коррупция иши боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиев кармалды. Бул тууралуу 1-апрелде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Мамлекеттик салык кызматынын материалдарынын жана аудитордук текшерүүнүн негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»