13:05, 1-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
12:20, 1-апрель, 2026 (75 адам окуп жатат)
Мурдагы депутат Кундузбек Сулайманов кармалды
11:39, 31-март, 2026 (14 адам окуп жатат)
Темирболот Абыкеев жаңы кызматка дайындалды

Депутат Ош жана Жалал-Абадда үй курган компаниянын иши боюнча териштирүү жүргүзүүнү тапшырды

На русском
11:10, 1-апрель, 2026 307

АКИpress - Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Жылдыз Эгенбердиева «Визион Групп» компаниясынын ишмердүүлүгүнөн жабыр тарткан жарандардан кайрылуулар түшүп жатканын айтты.

«Маалыматтарга ылайык компания 2015-2017 жылдары түзүлгөн, негизинен Ош жана Жалал-Абад шаарларында көп кабаттуу турак жай комплекстерин куруу менен алектенген курулуш компания. Ал жарандар үчүн турак жайларды сунуштап, бөлүп төлөө жана насыя аркылуу сатуу механизмдерин колдонуп келген.

Бирок, учурда миңдеген жаран бул компаниянын ишмердүүлүгүнөн жабыркаганы боюнча кайрылып жатышат. Жогоруда айтылгандай, анын курулуш объекттери пайдаланууга берилбей жатат. Жарандар тиешелүү документтерди ала албай келишет. Айрым жарандар үйү жок калышууда жана каражаттары кайра кайтарылып берилбей жатат», - деген ал бул маселе боюнча учурда кандай конкреттүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгына кызыгып, териштирүүнү тапшырды.

Маалымат үчүн:

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Визион Групп» компаниясынын жетекчиси — Момошов Арслан Кубатбекович. Уюштуруучулары: Колдошов Бактыяр Камчыевич, Куттубай уулу Кайназар, Момошов Арслан Кубатбекович. Компания 2015-жылы түзүлгөн, ал эми кайра каттоодон 2025-жылдын 23-январында өткөн.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»