17:26, 1-апрель, 2026

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүнүн боюндагы объектилер алынып жатат

На русском
10:55, 1-апрель, 2026 191

АКИpress - Бишкек шаарында Дэн Сяопин атындагы көчөнүн Патрис Лумумба көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки тилкесиндеги (түштүк тарабы) объектилерди демонтаждоо иштери башталды.

Мэрия билдиргендей, 13 чарба жүргүзүүчү субъект менен түзүлгөн келишимдерди бузуу чечими кабыл алынган. Учурда 10 объект боюнча келишим бузулуп, калган 3 объекттер боюнча акыркы чечим күтүлүүдө.

«Өткөн жылы кышында ыйгарым укуктуу орган тарабынан эскертүүлөр берилип, ошондой эле ээлеген аймакты ыктыярдуу бошотуу үчүн жазга чейин мөөнөт берилген», - дейт мэрия.

Демонтаждоо иштери аяктагандан кийин бошотулган тилкеде жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү пландалууда.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»