22:50, 1-апрель, 2026

Ирандын президенти АКШ жана Израил менен жаңжалды качан токтото аларын айтты

На русском
10:54, 1-апрель, 2026 607

АКИpress - Ирандын президенти Масуд Пезешкиан эгер өлкөгө кайрадан чабуул болбойт деген кепилдик берилсе, АКШ жана Израил менен жаңжалды токтотууга даяр экенин билдирди.

Анын айтымында, Иран чатакташууну каалаган эмес жана аны токтотууну каалайт, бирок бул үчүн коопсуздук кепилдиги болушу керек. Пезешкиан жаңжалдын чыгышына АКШ менен Израилди күнөөлөп, Евробиримдикти да бир жактуу мамиле кылып жатат деп сынга алды.

Анын айтымында, Иранга жасалган чабуулдар эл аралык укукту бузат. Өз кезегинде Еврокеңештин төрагасы Антониу Кошта Европа өлкөлөрү АКШ менен Израилдин соккуларын колдобогонун жана аларды да эл аралык нормаларды бузуу катары эсептей турганын айтты.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи азыркы тапта Тегеран АКШ менен сүйлөшүү жүргүзбөй жатканын, бирок Трамптын администрациясынан билдирүүлөр келгенин айтты. Ал эми Ак үй болсо тескерисинче сүйлөшүүлөр жакшы жүрүп жатканын жарыялап келет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»