АКИpress - Автоунаа уурдоого аракет кылган шектүү кармалды, деп билдирди булактар.
Алдын ала маалымат боюнча, жабырлануучу 1-апрелге караган түнү унаасын токтотуп кеткен. Кылмышкер ал кеткенче күтүп, андан кийин эшиктин кулпусун бузуп, автоунааны жүргүзүүгө аракет кылган.
Бирок кылмышкер унааны кыймылга келтире алган эмес, анткени ал «механика» айдай албачу. Ошол учурда унаанын ээси кайтып келип, милиция кызматкерлерин чакырган.