13:06, 1-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
12:20, 1-апрель, 2026 (75 адам окуп жатат)
Мурдагы депутат Кундузбек Сулайманов кармалды
11:39, 31-март, 2026 (14 адам окуп жатат)
Темирболот Абыкеев жаңы кызматка дайындалды

Унаа уурдоого аракет кылган киши «механика» айдай албай, кармалып калды

На русском
10:07, 1-апрель, 2026 303

АКИpress - Автоунаа уурдоого аракет кылган шектүү кармалды, деп билдирди булактар.

Алдын ала маалымат боюнча, жабырлануучу 1-апрелге караган түнү унаасын токтотуп кеткен. Кылмышкер ал кеткенче күтүп, андан кийин эшиктин кулпусун бузуп, автоунааны жүргүзүүгө аракет кылган.

Бирок кылмышкер унааны кыймылга келтире алган эмес, анткени ал «механика» айдай албачу. Ошол учурда унаанын ээси кайтып келип, милиция кызматкерлерин  чакырган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»