00:51, 2-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
16:35, 1-апрель, 2026 (9 адам окуп жатат)
Ысык-Көлдө жерге белгисиз нерселер түштү
11:46, 31-март, 2026 (3 адам окуп жатат)
Базар-Коргонго жаңы аким дайындалды

Крымда Ан-26 учагы кулап, 29 адам каза болду

На русском
09:55, 1-апрель, 2026 567

АКИpress - Крымда Ан-26 учагы кулап, экипаждын 6 мүчөсү жана 23 жүргүнчү каза болгон, деп жазды «РИА Новости» Россиянын Коргоо министрлигине шилтеме берип.

«Издөө-куткаруу тобу Ан-26 учагынын кыйраган жерин табышты. Жеринен алынган маалыматка ылайык, экипаждын алты мүчөсү жана борттогу 23 жүргүнчү каза болду», - деп айтылат билдирүүдө.

Кырсыктын себеби катары – техникалык мүчүлүштүк айтылууда. Коргоо министрлигинин комиссиясы кырсык болгон жерде иштеп жатат.

Ан-26 аскердик-ташуучу учагы менен байланыш кечээ кечинде үзүлгөн. Учак Крымдын үстүнөн пландалган учууну аткарып жаткан. Басылма учак аскага урунгандыгын билдирди.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»