23:51, 1-апрель, 2026

Бийликти кулатууга чакырык жасаган шектүү кармалды

На русском
09:46, 1-апрель, 2026 862

АКИpress - Социалдык тармактарда «Madaminbekkit» деген аккаунт аркылуу массалык башаламандыкты уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды камтыган билдирүүлөрдү жарыялаган шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн кармалган жаран жалган ат менен маалыматтарды жарыялаган.

Кармоо учурунда анын мобилдик телефону жана башка далил буюмдар алынды.

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (бийликти күч менен басып алууга массалык чакырыктар) боюнча кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда иликтөө жүргүзүлүүдө.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»