22:17, 1-апрель, 2026

Шаардык сот мурдагы депутат Султанбай Айжигитов боюнча чечимди күчүндө калтырды

На русском
09:33, 1-апрель, 2026 842

АКИpress - 16-мартта Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Айжигитов Султанбай Абдырашит уулуна карата биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу 1-апрелде «Сводка АКИpress» редакциясына шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

2025-жылдын 30-сентябрында Биринчи май райондук соту Айжигитовду КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү, 337-беренесинин 2-бөлүгү (өзүнө же башка адамдардан пайда жана артыкчылык алуу же башка жеке кызыкчылык үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Аны мамлекеттин кирешесине 500 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирген.

УКМКнын маалыматы боюнча, депутат кезинде Айжигитов аялын парламенттин аппаратына мыйзамсыз ишке орноштурган, ал жерде иш жүзүндө иштебесе да 3,2 млн сомдон ашык акча алган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»