17:49, 1-апрель, 2026

Садыр Жапаров «Түндүктү» Президенттик иш башкармалыкка өткөрдү

На русском
09:30, 1-апрель, 2026 415

АКИpress - Президент Садыр Жапаров «Түндүк» компаниясын Президенттик иш башкармалыкка өткөрүп берүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, Министрлер кабинетинин атынан акционердин функциялары Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү.

Министрлер кабинетине чечимдерин жарлыкка ылайык келтирүү тапшырылды.

Мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жөнүндө 2025-жылдын 17-мартындагы №91 президенттин жарлыгына да өзгөртүүлөр киргизилип, 5-берененин 8-пункту күчүн жоготту деп табылды.

Президенттин иш башкармалыгына тиешелүү министрлик менен биргеликте зарыл чараларды көрүү, ошондой эле «Түндүк» ААКны пайдаланууга мамлекеттик мүлктү белгиленген тартипте өткөрүп берүү тапшырылды.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»