АКИpress - 31-март күнү саат 13:20да Нарын облусунун аймагында очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Кара-Кече айылынан 17 чакырым чыгышта, Сары-Иймек айылынан 19 чакырым түндүк-батышта, Чаек райондук борборунан 45 чакырым түштүк-чыгышта жана Нарын шаарынан 92 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.
Сары-Иймек жана Кара-Кече айылдарында жер алдындагы силкинүүлөр 2,5 баллга сезилген.