16:52, 1-апрель, 2026

Балдарга ийне салынган момпосуй тараткан адам кармалды

На русском
09:18, 1-апрель, 2026 3320

АКИpress - 28-мартта саат 20:00 чамасында милицияга Ак-Өргө конушунда бир адам балдарга ичинде ийненин сыныктары бар момпосуйларды таратып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда Ак-Өргө конушунун тургуну Б.Г. арыз менен кайрылып, 2015-жылы туулган кызы жана башка балдар белгисиз адамдан ушундай таттууларды алгандыгын билдирген.

Бул факт боюнча Тергөө кызматы кылмыш ишин козгогон. Тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Милиция кызматкерлери шектүү катары Н.Д. аттуу жаранды кармады. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Анын үйүндө тинтүү жүргүзүү учурунда момпосуйлар жана башка буюм далилдер алынды.

Тергөө уланууда.

Милиция жарандарды балдары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларга бейтааныш адамдардан тамак-аш, таттуу жана башка буюмдарды алууга болбой тургандыгын эскертип коюуну суранат. Ошондой эле, короолордо же балдар аянтчаларында аталган аймакка тиешеси жок, белгисиз жарандар пайда болсо, 102 номуруна билдирүү керек.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»