21:20, 1-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
16:35, 1-апрель, 2026 (22 адам окуп жатат)
Ысык-Көлдө жерге белгисиз нерселер түштү

Сагынбек Самидин уулу юстиция министринин орун басары болду

На русском
21:58, 31-март, 2026 886

АКИpress - Сагынбек Самидин уулу юстиция министринин орун басары кызматына дайындалды, деп билдиришти 31-мартта Юстиция министрлигинен.

Буга чейин ал улуттук коопсуздук органдарында иштеген.

1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин укук таануу адистиги боюнча аяктаган.

25 жылдан ашуун мамлекеттик кызматта эмгектенет. Кесиптик жолун тергөө органдарында баштап, укук коргоо жана атайын органдар системасында ар кандай кызматтарды аркалаган.

Юстициянын полковниги наамына ээ.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»