09:24, 2-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
08:31, 2-апрель, 2026 (8 адам окуп жатат)
Чет элдик валюталардын эртең мененки баасы
09:14, 2-апрель, 2026 (7 адам окуп жатат)
Ош облусунда жер титиреди

Нурбек Чегирткеев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

На русском
21:56, 31-март, 2026 958

АКИpress - Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин буйругу менен Нурбек Чегирткеев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына дайындалды.

Бүгүн, 31-мартта Нурбек Чегирткеев Бажы кызматынын жамаатына тааныштырылды.

Ал 1981-жылы 28-сентябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. 2004-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин жол кыймылын уюштуруу адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинде баштаган, ал жерде 2005-2013-жылдары кызмат өтөгөн.

2013-жылдан бери Мамлекеттик бажы кызматында инспектордон жетекчилик кызматтарга чейинки ар кандай кызматтарды аркалап иштеп келет.

Дайындоого чейин Бажы кызматынын борбордук аппаратынын Ички иликтөөлөр башкармалыгынын башчысы кызматын аркалаган. Бажы кызматынын полковниги.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»