АКИpress - Бүгүн, 31-мартта Бишкек шаарынын вице-мери Азамат Кадыров Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында борбор калаадагы унаа токтотуучу жайларды санариптештирүү боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө шаардагы 203 унаа токтотуучу жайга акы төлөө үчүн атайын QR-коддор орнотулду. Апрель айынын аягына чейин QR-код коюлган унаа токтотуучу жайлардын санын 2000ге жеткирүү пландалууда. Жалпы 5 000 унаа токтотуучу орун QR-коддор менен жабдылат.
Вице-мэр бардык тилкелерде видеокамералар орнотуларын кошумчалады.