11:19, 1-апрель, 2026
Учурда окулуп жатат
11:39, 31-март, 2026 (19 адам окуп жатат)
Темирболот Абыкеев жаңы кызматка дайындалды
11:29, 31-март, 2026 (14 адам окуп жатат)
Нарынга жаңы мэр дайындалды

Бишкекте апрелдин аягына чейин 2000 унаа токтотуучу жайга QR-код орнотулат

На русском
17:36, 31-март, 2026 347

АКИpress - Бүгүн, 31-мартта Бишкек шаарынын вице-мери Азамат Кадыров Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында борбор калаадагы унаа токтотуучу жайларды санариптештирүү боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө шаардагы 203 унаа токтотуучу жайга акы төлөө үчүн атайын QR-коддор орнотулду. Апрель айынын аягына чейин QR-код коюлган унаа токтотуучу жайлардын санын 2000ге жеткирүү пландалууда. Жалпы 5 000 унаа токтотуучу орун QR-коддор менен жабдылат.

Вице-мэр бардык тилкелерде видеокамералар орнотуларын кошумчалады.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»