АКИpress - Чүй облусунун прокуратурасы жер тилке жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен фактыны аныктады.
Прокуратура билдиргендей, 2011-жылы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүндөгү жооптуу кызматкерлер Орто-Сай айылында жайгашкан калктуу конуш категориясындагы 0,75 га жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке сатып жиберишкен. Прокурордук чара көрүү актысынын жыйынтыгында баасы 663 млн 862 миң 500 сомду түзгөн жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды.
⛶