22:40, 31-март, 2026

Түптө пансионаттын 70,3 млн сомдук объектилери мамлекетке өттү

На русском
17:08, 31-март, 2026 293

АКИpress - Түп районунда пансионаттын мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен объектилери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө Түп мамлекеттик атайын чарбасына караштуу пансионаттын ашкана комплекси жана 3 гектар жер тилкеси 1998-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактарга берилип кеткендиги аныкталган.

«Жалпы баасы 70,3 млн сомду түзгөн бул объектилер мамлекеттин менчигине кайтарылды», - деп жазылган маалыматта.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»