АКИpress - Нурлан Максүтов жана Нурлан Маманов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары болуп дайындалышты. Алар Бакыт Жиенбеков менен Мирлан Рахмановдун ордуна келишти.
Нурлан Маманов
Билими
- 1995-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин бүтүргөн.
Эмгек жолу
- Чүй облусунун Панфилов районунда, кийин Бишкектин Свердлов жана Октябрь райондорунда, ошондой эле Салык кызматынын борбордук аппаратында иштеген;
- 2023-жылдын 4-сентябрынан 2024-жылдын 6-мартына чейин – Салык кызматынын Чүй облусунун Жайыл району боюнча жетекчиси;
- 2024-жылдын 6-мартында ротациялоонун алкагында Салык кызматынын Чүй облусунун Кемин району боюнча башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган;
- Андан кийин Салык кызматынын Сузак району боюнча башчысы болгон;
- 2025-жылдын сентябры – Москва райондук салык кызматынын жетекчиси.
Нурлан Максүтов
Билими
- 1988-жыл – Фрунзе политехникалык институту, инженер-куруучу;
- 2004-жыл – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, сот эксперти;
- 2005-жыл – КР президентине караштуу башкаруу академиясы, мамлекеттик башкаруу магистри.
Эмгек жолу
2004-2007-жылдар – Социалдык фонд, юридикалык жактар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы, башчынын орун басары;
2007-жылдын май-октябры – Салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы, башчынын орун басары;
2007-2008-жылдар – Салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын субъекттери менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;
2008-жылдын сентябрь-ноябрь – Бишкек шаарынын Ленин району боюнча салык башкармалыгы, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын субъекттери менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;
2008-жылдын ноябрь-декабры – Бишкек шаары боюнча салык кызматы, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын субъекттери менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;
2008-2009-жылдар – Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча салык башкармалыгы, башчынын милдетин аткаруучу;
2009-2010-жылдар – Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча салык башкармалыгы, жетекчи;
2011-жылдын 24-майы – Мамлекеттик салык кызматы, төраганын орун басары;
2013-жылдын 12-декабрында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулган;
«Кыргыз Петролеум Компани» ААК президенти;
КР Көк бөрү федерациясынын вице-президенти.