23:07, 31-март, 2026

Кыргызстанда эл аралык айдоочулук күбөлүк да алса болот

На русском
16:01, 31-март, 2026 421

АКИpress - Кыргызстанда мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу акциясы 31-мартта аяктады. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо борборунун директору Тынычбек Саидов маалымат жыйында билдирди.

Ошол эле учурда Кыргызстанда улуттук айдоочулук күбөлүктөрдөн тышкары эл аралык айдоочулук күбөлүктөр да берилерин эскертти.

Анын айтымында, эл аралык айдоочулук күбөлүктөр эл аралык келишимдердин (Вена конвенциясынын) талаптарына ылайык жасалат жана А6 форматында болот. Документте эл аралык стандарттарга жооп берген бардык зарыл болгон  маалыматтар камтылган.

Эл аралык айдоочулук күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү үч жылды түзөт. Ошол эле учурда аны алуу үчүн милдеттүү түрдө улуттук айдоочулук күбөлүк болушу керек.

Саидов эл аралык айдоочулук күбөлүктөр улуттук күбөлүктөр таанылбай калышы мүмкүн болгон өлкөлөрдө, анын ичинде тиешелүү эл аралык келишимдерди ратификациялабаган мамлекеттерде колдонуларын айтты.

Ал кошумчалагандай, эки документтин тең болушу жарандарга чет өлкөлөрдө транспорт каражаттарын эркин башкарууга мүмкүндүк берет.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»