04:32, 1-апрель, 2026

Бишкекте Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги 94 объект алынды

На русском
15:49, 31-март, 2026 369

АКИpress - Бишкек шаарындагы Алтымышев көчөсүндөгү Ала-Арча дарыясынын жээги бошотулду. 

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чаралар өзгөчө кырдаалдар учурунда атайын техникалардын тоскоолдуксуз өтүүсүн жана дарыянын нугуна кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлдү.

Иштин жүрүшүндө төмөнкүлөр демонтаждалды:

  • 57 метр темир тосмолор;
  • 6 жеңил типтеги объект;
  • 4 павильон;
  • 2 контейнер;
  • Жалпы аянты 80 чарчы метрди түзгөн бастырмалар;
  • 4 капиталдык объект (анын ичинде химиялык тазалоочу жай жана сулуулук салону);
  • 12 чарбалык курулуш;
  • 9 капиталдык тосмо.

Жыйынтыгында 1420 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.

Мэриянын маалыматы боюнча, жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 5 жеке жак жоопкерчиликке тартылып, аларга жалпы суммасы 150 миң сомдук айып пул салынды.

Мындан тышкары, Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы Алтымышев көчөсү 124 дарегинде жайгашкан жана мамлекеттик актысы бар СПА-салондун жер участогун бошотуу маселеси боюнча Архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгына расмий кат жөнөттү.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»