АКИpress - Бишкек шаарындагы Алтымышев көчөсүндөгү Ала-Арча дарыясынын жээги бошотулду.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чаралар өзгөчө кырдаалдар учурунда атайын техникалардын тоскоолдуксуз өтүүсүн жана дарыянын нугуна кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында жүргүзүлдү.
Иштин жүрүшүндө төмөнкүлөр демонтаждалды:
- 57 метр темир тосмолор;
- 6 жеңил типтеги объект;
- 4 павильон;
- 2 контейнер;
- Жалпы аянты 80 чарчы метрди түзгөн бастырмалар;
- 4 капиталдык объект (анын ичинде химиялык тазалоочу жай жана сулуулук салону);
- 12 чарбалык курулуш;
- 9 капиталдык тосмо.
Жыйынтыгында 1420 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду.
Мэриянын маалыматы боюнча, жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 5 жеке жак жоопкерчиликке тартылып, аларга жалпы суммасы 150 миң сомдук айып пул салынды.
Мындан тышкары, Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы Алтымышев көчөсү 124 дарегинде жайгашкан жана мамлекеттик актысы бар СПА-салондун жер участогун бошотуу маселеси боюнча Архитектуралык-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгына расмий кат жөнөттү.