23:07, 31-март, 2026

Жапонияда «окулбай калган» кыргыз паспорту боюнча маалымат берилди

На русском
15:40, 31-март, 2026 449

АКИpress - Бүгүн, 31-марттагы маалымат жыйында интернетте тараган жаңы кыргыз паспорту чет өлкөдө таанылбай жатат делген видео боюнча комментарий берилди.

Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов оку  Жапония болгонун, документ автоматтык түзүлүш тарабынан окулбай калганын билдирди. Ал паспорт терминалга туура эмес салынганын белгиледи.

«Документ туура эмес тарабы менен салынып жатат. Мындай түзүлүштөрдө маалымат окулуучу зонаны туура жайгаштыруу маанилүү. Эгер туура салынса, түзүлүш иштемек», - деп түшүндүрдү Салимжанов.

Ал мындай технологиялар көп өлкөлөрдө, анын ичинде аэропорттордо жана өзүн-өзү тейлөөчү терминалдарда колдонуларын айтты. Мисал катары аэропорттордогу Wi-Fi берүүчү автоматтарды атады, анда да паспортту туура жайгаштырып коюу талап кылынат.

Анын айтымында, чек арадан өткөндө паспорттун жарактуулугу текшерилет.

«Жарандар Жапонияда текшерүүдөн өтөт, ошондо документ таанылат. Бул анын талаптарга жооп бергендигин билдирет», - деди ал.

Салимжанов видеодогу учурга техникалык мүчүлүштүк же конкреттүү түзүлүштүн өзгөчөлүктөрү себеп болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

«Эгер терминал документти окубаса, паспорт жараксыз дегенди билдирбейт. Бул түзүлүштүн өзүндөгү көйгөй болушу мүмкүн», - деди ал.

Салимжанов мындай жагдайлар башка өлкөлөрдө да, мисалы, автоматтык системалар колдонулган аэропорттордо же мейманканаларда болушу мүмкүн экенин да четке каккан жок.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»