01:38, 1-апрель, 2026

Данияр Малабеков Базар-Коргон акиминин биринчи орун басары кызматынан бошотулду

На русском
15:11, 31-март, 2026 243

АКИpress - Данияр Малабеков Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акиминин биринчи орун басары кызматынан өз каалоосу менен бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Малабеков бул кызматка 2025-жылдын мартында дайындалган.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»