АКИpress - Данияр Малабеков Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акиминин биринчи орун басары кызматынан өз каалоосу менен бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Малабеков бул кызматка 2025-жылдын мартында дайындалган.