23:36, 31-март, 2026

Бишкектин айрым райондоруна 1-3-апрелде жаратылыш газы берилбейт

На русском
14:46, 31-март, 2026 303

АКИpress - Бишкек шаарынын айрым райондорунда жер алдындагы газ өткөргүчтөрдү оңдоо иштерине байланыштуу 1-апрелден 3-апрелге чейин чектөө болот. Бул тууралуу «Бишкек газ» мекемеси билдирди.

Төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

  • Жантөшев көчөсү;
  • Байтик баатыр көчөсү;
  • Лев Толстой көчөсү;
  • Кара-Дарыя көчөсү;
  • Горький көчөсү;
  • Жукеев-Пудовкин көчөсү.

Ошондой эле төмөнкү объекттерде да газ өчүрүлөт:

- «Кыргызавтомаш» заводу;

- «Макарон» цехи;

- «Жыргал» мончосу;

- «Байтур» мончосу.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»