АКИpress - Асел Сансызбаева Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун мамлекеттик администрация башчысы — акимдин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Буга чейин Сансызбаева Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрация башчысы — акимдин орун басары болчу.
Башка буйрук менен Азамат Маматжанов акимдин орун басары кызматынан бошотулду.