21:04, 31-март, 2026

Асел Сансызбаева Сузак районунун акиминин орун басары болуп дайындалды

На русском
14:25, 31-март, 2026 242

АКИpress - Асел Сансызбаева Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун мамлекеттик администрация башчысы — акимдин орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Буга чейин Сансызбаева Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрация башчысы — акимдин орун басары болчу.

Башка буйрук менен Азамат Маматжанов акимдин орун басары кызматынан бошотулду.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»