АКИpress - Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрация башчысынын — акимдин социалдык маселелер боюнча орун басары Азамат Маматжанов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Маматжанов бул кызматты 2024-жылдын июнь айынан бери аркалап келген.