АКИpress - Кыргызстандын футбол боюнча курама командалары Түркиядагы окуу-машыгууларын жыйынтыктады.
Машыгуулар 19-30-майда Анталия шаарында улуттук курама команда, ошондой эле U-20 жана U-23 командаларынын катышуусунда өттү.
Кыргызстандын командалары Африка, Европа жана Азиянын командалары менен алты жолдоштук беттеш өткөрүштү. Бир оюн тең чыгуу менен аяктап, калган беш беттеш жеңилүү менен жыйынтыкталды.
Жолдоштук беттештердин жыйынтыгы:
25-март
Кыргызстан - Экватордук Гвинея — 0:1
26-март
Кыргызстан (U-23) - Сербия (U-21) — 2:2
27-март
Кыргызстан (U-20) - Иордания (U-23) — 1:2
28-март
Кыргызстан - Мадагаскар — 2:5
30-март
Кыргызстан (U-20) - Босния жана Герцеговина (U-20) — 2:3
Кыргызстан (U-23) - Сербия (U-21) — 0:2