АКИpress - Бишкектеги Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте калат, деп билдирди 31-мартта мэр Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин жыйынында.
Ал депутаттардан күн тартибинен эки жер тилкесин — Чүй проспектиси 108 (11 сотых) жана Киев көчөсү 55 (490 чарчы метр) даректеринде жайгашкан жерлерди мамлекетке акысыз өткөрүп берүү жөнүндө токтом долбоорун алып салууну суранды.
«Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте калып, ишин улантат», - деди мэр.
Ал коомдук талкуу учурунда Сүрөтчүлөр үйү боюнча көптөгөн сунуш жана сын-пикирлер түшкөнүн айтты.
Вице-мэр Азамат Кадыров Киев көчөсү 55 дарегиндеги объекттерди кароону сунуштады. Депутаттар анын сунушун жактырышты.