14:51, 31-март, 2026
Учурда окулуп жатат
11:39, 31-март, 2026 (37 адам окуп жатат)
Темирболот Абыкеев жаңы кызматка дайындалды
14:32, 31-март, 2026 (26 адам окуп жатат)
Нарын шаарына жаңы мэр келди. Ал ким?
11:29, 31-март, 2026 (26 адам окуп жатат)
Нарынга жаңы мэр дайындалды
12:06, 31-март, 2026 (15 адам окуп жатат)
Эдилбек Тажимырзаев Кара-Көлдүн мэри болду

Бишкектеги Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте калат, - мэр

На русском
12:04, 31-март, 2026 195

АКИpress - Бишкектеги Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте калат, деп билдирди 31-мартта мэр Айбек Жунушалиев шаардык кеңештин жыйынында.

Ал депутаттардан күн тартибинен эки жер тилкесин — Чүй проспектиси 108 (11 сотых) жана Киев көчөсү 55 (490 чарчы метр) даректеринде жайгашкан жерлерди мамлекетке акысыз өткөрүп берүү жөнүндө токтом долбоорун алып салууну суранды.

«Сүрөтчүлөр үйү муниципалдык менчикте калып, ишин улантат», - деди мэр.

Ал коомдук талкуу учурунда Сүрөтчүлөр үйү боюнча көптөгөн сунуш жана сын-пикирлер түшкөнүн айтты.

Вице-мэр Азамат Кадыров Киев көчөсү 55 дарегиндеги объекттерди кароону сунуштады. Депутаттар анын сунушун жактырышты.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»