13:03, 31-март, 2026

Улуттук олимпиада комитетинин президенти Үмбөталы Кыдыралиев кызматтан кетти

На русском
11:53, 31-март, 2026 302

АКИpress - Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) президенти Үмбөталы Кыдыралиев кызматтан кетти. Бул тууралуу «Sport АКИpress» маалымат булактарына шилтеме берип билдирди.

Ал бул кызматка 2024-жылдын декабрь айында Париждеги Олимп оюндарынан кийин Садыр Мамытовдун ордуна шайланган.

27-мартта Аткаруучулар комитетинин жыйыны болуп, анда 29-апрелде комитеттин Башкы ассамблеясын кезексиз чакыруу чечими кабыл алынгандыгы маалымдалган.

Жаңы президенттин кызмат ордуна талапкерлердин тизмеси 11-апрелде белгилүү болот.

Үмбөталы Кыдыралиев Жогорку Кеңештин депутаты жана Бокс федерациясынын президенти.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»