АКИpress - Темирболот Абыкеев Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациянын башчысы — аким болуп дайындалды. Мындай маалыматты 31-мартта Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин аталган кызматты Руслан Айтбаев ээлеп келген.
Ал эми Абыкеев Баткен шаарын башкарган болчу. Ага чейин Кара-Суу, Чоң-Алай жана Кочкор райондорунун акими болгон.