АКИpress - Илияз Ташбаев Чүй облусунун Москва районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.
Ага чейин бул кызматты Ниязбек Козуев аркалап келген. Ал эми Ташбаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болгон.