АКИpress - Спорттук курулуш багытындагы жер мыйзамсыз менчикке өткөрүлгөнү аныкталды, деп билдирди Башкы прокуратура.
Чүй районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө 2007-жылы Биримдик айыл аймагында жайгашкан спорттук курулуштар үчүн арналган 2,2 га жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке жактарга берилгендиги аныкталган.
«Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде баасы 30,4 млн сомду түзгөн 2,2 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды», - деп айтылат маалыматта.