14:06, 31-март, 2026
Учурда окулуп жатат
11:39, 31-март, 2026 (106 адам окуп жатат)
Темирболот Абыкеев жаңы кызматка дайындалды
11:29, 31-март, 2026 (73 адам окуп жатат)
Нарынга жаңы мэр дайындалды
12:06, 31-март, 2026 (13 адам окуп жатат)
Эдилбек Тажимырзаев Кара-Көлдүн мэри болду

«Бишкек Аренанын» жанында 1800 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай болот

На русском
11:14, 31-март, 2026 153

АКИpress - Бишкекте Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) А категориясындагы стандарттарына жооп берген «Бишкек Арена» стадионунун курулушу уланууда.

Президенттин иш башкармалыгынын маалыматы боюнча, имараттын жалпы аянты 180 миң чарчы метрди, бийиктиги — 70 метрди түзөт. Долбоордо 8 кабат жана 8 функционалдык блок каралган. Комплекстин курамына жалпы аянты 40 000 чарчы метр соода борбору жана 1800 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу аймак да кирет.

Учурда ички курулуш иштери уланууда. Металл конструкцияларынын даярдыгы 81%га жетти. Ошол эле учурда аймакты көрктөндүрүү жана инженердик коммуникацияларды өткөрүү иштери жүрүп жатат.

Объект өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата тапшырылат.

Жаңы жана так маалыматтар «Инстаграмда»